Жаңылыктар
Жол кыймылына чектөө киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кыймылына чектөө киргизилет

Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө эртеңден баштап чектөө киргизилет. Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын Премьер-министринин жумушчу сапары жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өтөт. Ага байланыштуу 24-27-октябрь күндөрү «Манас» эл аралык аэропортунун жолу, Фучик көчөсү, Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилиши жана «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолдорго маал-маалы менен чектөөлөр болот. 

ИИМ унааларды жол жээгине калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлеринин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.