Жаңылыктар
Сурамжылоо: референдумга барасызбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Сурамжылоо: референдумга барасызбы?

Кыргызстандыктардын дээрлик жарымынан көбү референдумга баруу ниетинде. «Коалиция жана жарандык коом» уюму атайын сурамжылоо жүргүзүп, референдумга барасызбы? - деген суроого жооп издеген. Ага ылайык, сурамжылоого катышкандардын 60 пайызы 11-декабрда боло турган референдумга катышаарын билдирген. 22 пайызы барбайм десе, 18 пайызы азырынча бир чечимге келе электигин айткан. 

Референдумга барабыз дегендердин көпчүлүгү жаш курагы улгайгандар. Ал эми жаштардын 44 пайызы шайлоого катышабыз деп билдирген. 

Мындай сурамжылоого 35 жаштан 54 жашка чейинки жарандар катышкан. Аймактар боюнча алганда Талас, Ош жана Баткен облустарынын жарандары активдүүлүгүн көрсөткөн.