Жаңылыктар
Кыргызстан-Монголия: кызматташтыктын жаңы деми
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Монголия: кызматташтыктын жаңы деми

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолугушту. Төрага эки өлкө мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, Кыргызстан Монголия менен достук алаканы өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айтты. 

Ал алардын мындан ары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатта кеңейишине жана тереңдешине кызыкдар экендигин билдирди. Кезегинде Монголиянын Премьер-министри жылуу кабыл алган меймандостугуна ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн элдери тарыхый жана маданий жактан боордош экендигин белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелери талкууланды.