Жаңылыктар
Бишкекте жер мунапысын ишке ашыруу иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жер мунапысын ишке ашыруу иштери уланууда

Бишкек мэриясында калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун жана президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында жер мунапысын ишке ашыруу боюнча ведомство аралык жумушчу топтун кеңешмесинин жыйыны өттү. 

Жыйынга катышкандар мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, чечимдерди кабыл алышты. Ага ылайык, Бишкек шаарында тиешелүү органдардын кызматкерлери жер мунапысын жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүлөт. Ошондой эле талаштуу жер участоктору аныкталып, чечүү маселесин каралат жана жыйынтыгы менен жер участокторду мыйзамдаштыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүлөт. 

"Жерге мунапыс берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомго ылайык "Кузнечная крепость" шаарчасынын чек арасынын кайрадан аныкталган схемасы Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен макулдашуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, 3 күндүк мөөнөттө Маданият министрлиги тарабынан макулдашуу боюнча көмөк көрсөтүүдөн баш тартса, белгиленген тартипте жер мунапыс жүргүзүү боюнча комиссиясынын чечимдерине ылайык жер участогун мыйзамдаштыруу каралат.