Жаңылыктар
Токтогул Сатылганов эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул Сатылганов эскерилди

Төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул, дастанчы Токтогул Сатылгановду эскерүү иш-чарасы өттү. Акындын басып өткөн жолу, оор тагдыры жана чыгармачылыгы тууралуу сүрөттөр коюлду. Токтогул Сатылганов 1864-жылы 25-октябрда Жалал-Абад облусунун Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулган. Жаштайынан айыл арасында төкмө акындык өнөрү менен тааныла баштаган өспүрүм, кийин лирикалык жанрдагы айтылуу "Алымкан", "Кызыл жоолук", "Үлгү ырлары" менен бегилүү болгон. 

Атактуу "Беш каман" аттуу ыры менен элди эзип, күн көрсөтпөгөн беш бир тууганды сынга алган. Акындын өмүр баянын изилдөөчүлөр белгилегендей, ал терең ойлуу, курч сөзгө да, комузга да шыктуу, үнү да мукам ырчы эле эмес, эл таламын талашкан, алардын мүдөөсүн жар салган акын катары таанылган. Бул өз кезегинде анын сүргүнгө жалган жалаа менен айдалышына себеп болгон.Токтогул өз чыгармаларында жашоо-турмуш жөнүндө философиялык көз караштарын чагылдырган, айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты болгон. 

"Манас" эпосун, кенже эпосторду айткан. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Республиканын Агартуу боюнча элдик комиссариаты акындын комуз менен аткарган 18 чыгармасын жаздырып алган. Учурда Кыргыз улуттук филармониясы Токтогул Сатылгановдун ысымын алып жүрөт, улуттук валютабыз - 100 сомдо да акындын элеси түшүрүлгөн. Бул жолку эскерүүгө тарыхчылар, акын, жазуучулар чогулуп, Бишкек шаарындагы №69 мектептин окуучулары акындын чыгармаларын аткарып беришти.