Жаңылыктар
Бишкекте бүгүн саат 16:00дөн тарта троллейбустар убактылуу токтойт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте бүгүн саат 16:00дөн тарта троллейбустар убактылуу токтойт

Бишкекте бүгүн саат 16:00дөн тарта троллейбустар убактылуу токтойт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Троллейбустардын иши 1,5 саатка токтотулат, алар кайрадан саат 17:30дан тарта жүргүнчүлөрдү ташый баштайт.

Мындай чара 23-25-октябрга чейин Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өткөндүгү байланыштуу көрүлүүдө.