Жаңылыктар
Нарын: Биринчи курултайда көтөрүлгөн маселелер чечилдиби?
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: Биринчи курултайда көтөрүлгөн маселелер чечилдиби?

Былтыр биринчи элдик курултайда нарын облусунун делегациясы тарабынан кат түрүндө көтөрүлгөн төрт маселенин экөө оң жагына чечилди. Алардын бири Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоо маселеси болсо, экинчиси мугалим, дарыгер жана социалдык кызматкерлер үчүн жеңилдетилген пайыз менен ипотекалык көп кабаттуу турак жай куруу болчу. 

Учурда президенттин тапшырмасы менен Нарын шаарынын ички 32 көчөсүн кошкондо облус боюнча 30 чакырымдан ашуун жолго асфальт басылды. Ал эми ипотекалык үй курууга “Теңир-Тоо” өнүктүрүү банкынан 443 миллион сом жана жер аянты бөлүнүп берилди.