Жаңылыктар
Бишкек менен Улан-Батор кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек менен Улан-Батор кызматташат

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Монголиянын борборунун губернатору жана Улан-Батор шаарынын мэри Хишгээ Нямбаатардын жолугушту. Эмилбек Абдыкадыров конокторду жылуу кабыл алып, Улан-Батор шаары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы менен Улан-Батор шаарынын мэриясынын биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууда, биргелешкен инвестиция тармагында эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле ыш көйгөйлөрүн чечүү боюнча шаарлар ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. 

Өз кезегинде Монголиянын борбор шаарынын мэри Хишгээ Нямбаатар мэр Эмилбек Абдыкадыров жетектеген муниципалитеттин командасын Улан-Батор шаарына иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Эске сала кетсек, быйыл 9-11-июлунда Президент Садыр Жапаровдун Монголияга мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.

"Бүгүнкү жолугушуу абдан жакшы маанайда өттү. Биз өз ара кызматташуунун багыттарын дагы бир ирээт талкууладык. Ушул жылдын июль айында Бишкек менен Улан-Батордун ортосунда бир тууган шаар мамилени түзүү боюнча мемарандумга кол коюлган. Биз андагы ар бир пунтк боюнча кызматташуунун үстүндө иштешсек дейбиз".