Жаңылыктар
Жаңы Ак үйдүн жанына бийик имараттарды курууга болбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы Ак үйдүн жанына бийик имараттарды курууга болбойт

Кыргызстанда курулуп жаткан Президенттин администрациясынан 500 метрлик радиуста жаңы үйлөрдү курууга тыюу салынды. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документке ылайык, президенттин администрациясынын имаратынан бир чакырымдык радиуста 10 метрден ашык бийиктиктеги имараттарды курууга болбойт.

Мындай талаптар атайын кызматтын сунуштамасы менен коопсуздук максатында коюлду. Токтом расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңы курулуп жаткан Ак үй Чыңгыз Айтматов проспекти, 301 дарегинде жайгашкан.