Жаңылыктар
Ат-Башыда эт комбинатынын курулушу аяктап, жакында ишке киргени турат
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башыда эт комбинатынын курулушу аяктап, жакында ишке киргени турат

Ат-Башы районунда "Ат-Башы эт комбинатынын" курулушу аяктап, жакында ишке киргени турат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, комбинаттын курулуш иштери 2020-жылы башталган. Учурда бардык керектүү заманбап жабдыктар менен толук камсыздалып, продукциясын чыгаруу алдында турат. Анда бышырылган уйдун, жылкынын, топоздун эттери жана ботколору, ошондой эле пельмен жана башка жарым-жартылай даяр продукциялар чыгат.

Район акими Эмилбек Абдыкадыров эт комбинатынан кабар алып, иштин жүрүшү жана алдыдагы пландары менен таанышты. Ал райондогу өндүрүш тармагын өнүктүрүү керектигин жана ар тараптан колдогонго даяр экенин билдирди.

Бул комбинаттын чыгарган азыктары буга чейин Кыргызстандын ичинде гана сатылып келген болсо, алдыда чет өлкөлөргө чыгаруу аракеттери көрүлүүдө. Ал үчүн атайын экологиялык, санитардык жактан таза, талапка жооп бере турган сертификаттар алынууда.