Жаңылыктар
Добуш берүү ыкмасы өздөштүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Добуш берүү ыкмасы өздөштүрүлөт

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы автоматтык добуш берүүчү жабдыктарды иштетүүнү үйрөтүү боюнча атайын даярдыктарын баштады. Окутуу иштери бүгүн борбор калаадагы №27-мектепте өтүп, 10дон ашык операторлор жабдыктарды иштетүү, добуш берүү ыкмалары, дегеле аларды колдонуу жолдорун үйрөнүп жатышат. 

Даярдыктар Бишкектеги бардык 204 аймактык добуш берүү тилкесинде өткөрүлүп, 14-ноябрга чейин уланат. Эске салсак, автоматтык добуш берүү ыкмасы Кыргызстанда былтыр биринчи жолу Жогорку Кенешке болгон шайлоолордо колдонулган. 

Анда бул ыкма жаңы болгондуктан бир катар мүчүлүштүктөр кеткен.Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү быйыл андай калпыстыктарга жол берилбейт деп ишендирүүдө.