Жаңылыктар
Кыргыз - Кытай алакасы артат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - Кытай алакасы артат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен кеңири курамда жолукту. Төрага мындай расмий сапарлар стратегиялык мүнөздөгү экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле быйыл май айында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларга кошумча кубаттуу түрткү берет деп белгиледи. 

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын кеңири багыттары тууралуу жана эки тараптуу кызматташтыкты жана жакшы коңшулук мамилелерди бекемдеп, тереңдетүү боюнча сөз болду. снх