Жаңылыктар
Россия салыксыз күйүүчү майдын көлөмүн көбөйттү
Кыргызстан жаңылыктары
Россия салыксыз күйүүчү майдын көлөмүн көбөйттү

Россия Кыргызстанга салыксыз ташылуучу мунайзаттын көлөмүн былтыркы деңгээлге чейин көбөйттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Россия өлкөгө күйүүчү май жеткирген негизги мамлекет жана өлкөнүн бензин менен дизелге болгон керектөөсүн толугу менен камсыздап келет. 

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы жумушчу кеңешмелерди байма-бай өткөрүп, анда өлкөнүн күйүүчү май рыногуна таасир этүүчү көйгөйлөр талкууланат. Антимонополиялык кызматтын жана тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүп жаткан иштердин натыйжасында күйүүчү-майлоочу материалдардын социалдык маанилүү түрлөрүнө : АИ-92 жана дизелдик отунга болгон баалар туруктуу бойдон калууда.

Кыргызстанда мунайзатка болгон жылдык муктаждык 1,4 млн тоннаны түзөт.