Жаңылыктар
Ооруган балдарга камкордук
Кыргызстан жаңылыктары
Ооруган балдарга камкордук

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда онкология жана гематология бөлүмүндө дарыланган балдар үчүн атайын аянтча курулду. Көп убакыт ооруканада жаткан балдар үчүн таза абада эс алып, ойноп, убактысын пайдалуу өткөрсө болот. Жалпы суммасы 3 млн 300 миң сомго курулган аянтчага жеке демөөрчүлөр жана соода түйүндөргө коюлган кутучалардагы каражаттар сарпталды. 

Учурда балдардын онкология бөлүмүндө 130дай бейтап дарыланат. Жыл сайын ооруканага 2 миңге жакын бала өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келип дарыгердин көзөмөлүнөн өтөт.