Жаңылыктар
Бишкек шаардык драма театрында "Играем Андерсена" спектакли болду
Маданият
Бишкек шаардык драма театрында "Играем Андерсена" спектакли болду

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында белгилүү орус драматургу Владимир Синакевичтин "Играем Андерсена" спектакли болду. 

Спектаклде адамдардын ортосундагы мамиле, бири-бирине үстөмдүк кылуу, кемсинтүү өңдүү көрүнүштөр үй канаттуусунун образында чагылдырылат. Чыгарманы казак эл артисти Бекпулат Парманов коюп, ролдорду кыргызстандык артисттер ойноду. 

Театр сүйүүчүлөрү оюн жогорку деңгээлде коюлганын айтып, жылуу пикирлерин билдиришти.