Жаңылыктар
А.Жапаров: Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен тышкы соодасы 8,6% өстү
Кыргызстан жаңылыктары
А.Жапаров: Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен тышкы соодасы 8,6% өстү

2023-жылдын жети айында Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 8,6%га өстү. Бул тууралуу ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кеңейтилген жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымына караганда, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга инвестициянын жалпы агымынын 55%ы ШКУ өлкөлөрүнөн келген. 

"Ошону менен бирге, өсүштүн оң динамикасына карабастан, Кыргызстан менен ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы өтө жогорку потенциалга ээ болгон соода-экономикалык өз ара аракеттенүү толук ишке ашырыла элек, бул соода байланыштарын тереңдетүү боюнча мындан аркы чараларды талап кылат", - деди Акылбек Жапаров. 

Белгилей кетсек, бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү. Иш-чарага Беларусь премьер-министри Роман Головченко, Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстандын ремьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар жана Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани катышты.