Жаңылыктар
УКМК: Көлбаевдин асыл тукум жылкылары аукциондо сатылат
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Көлбаевдин асыл тукум жылкылары аукциондо сатылат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Камчы Көлбаевдин каражатына сатылып алынган 15 баш асыл тукум жылкылары боюнча маалымат берди. Маалыматта айтылгандай, кылмыш ишинин натыйжасында, анын жалпы суммасы ведомстволор аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча 79 млн 790 миң сомду түзгөн. Алар «Беш кашка» англис таза кандууайгыры, баасы 44 млн сом. «Командор»англис таза кадуу айгыры, баасы 26 млн 400 сом.

«Раушан»англис таза кандууайгыры, баасы 2 млн 200 миң сом. «Дончак» донск-англис айгыры, баасы 300 000 сом. Кундуз» англис бээси, баасы 900 миң сом. «Хан сулуу» англис бээси, баасы 900 000 сом. «Острый» аталышындагы чабылган аты, баасы 140 миң сом. «Рошал» аттууанглис бээси, баасы 150 000 сом. «Ай-Чолпон» аталышындагы таза кандуу бээ, баасы 440 000 сом. «Ак Бермет» аттуу таза кандуу бээси, баасы 356 000 сом. «Көк-Серек» аталышындагы бээ,баасы 100 000 сом. «Көк-Жал» жарым тукум айгыры, баасы 60 000 сом. «Бактөр» породасындагы минген аргымагы, баасы 704 000 сом. «Бай Тору» аталышындагы бээ, баасы 440 000 сом. «Эркиндик» англис айгыры, баасы 2 млн 700 миң сом. "Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлктөрү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат" деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.