Жаңылыктар
2024-жыл ШКУ мейкиндигинде экология жылы деп жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
2024-жыл ШКУ мейкиндигинде экология жылы деп жарыяланды

Келерки 2024-жыл Шанхай кызматташтык уюмунун мейкиндигинде Экология жылы деп жарыяланды, бүгүн аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чаралардын планы кабыл алынат - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ШКУ премьер-министрлер кеңешинин жыйынында. 

Анын айтымында, Кыргызстан "жашыл" экономиканын принциптерине этап-этабы менен өтүүдө, экономиканын тармактарында "жашыл" багыттарды кийинчерээк ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук жана институционалдык база түзүлүп жатат. "Муну эске алуу менен уюмдун алкагында "жашыл" экономиканы өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу жана технологияларды колдонуу биздин өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана анын кесепеттерин жумшартуу боюнча кеңейтилген кызматташтыкка көмөктөшүү маанилүү. Биз климаттын өзгөрүшүнө, абанын жана суунун булганышына каршы күрөштө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо күчтөрдү бириктирүүнү сунуштайбыз" — деди Жапаров.