Жаңылыктар
1-ноябрда мамлекеттик дарыканалар ишке кирет
Ден соолук
1-ноябрда  мамлекеттик дарыканалар ишке кирет

1-ноябрда өлкө боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Айтымында, учурда дары сата турган бөлмөлөр даярдалган. Андагы препараттар жеке дарыканаларга караганда 15-20 пайызга арзан болот. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанга дары-дармектин 90 пайыздан ашыгы сырттан ташылат. Түркия, Россия, Индия сыктуу өлкөлөрдөн алып келинет. Аларды саткан 3 миң дарыкана жана 300дөн ашуун дары кампалары бар. 

Фармацевтикалык рынок жеке секторго берилгендиктен, буга чейин бир дагы мамлекеттик же муниципалдык дарыкана түптөлгөн эмес. Акыркы убакта дары-дармек чыгарган заводдор ачылып, эң керектүү делген медициналык каражаттар, жабдыктар чыгарыла баштады.