Жаңылыктар
Камчы Көлбаевдин асыл тукум жылкылары аукционго коюлат
Кыргызстан жаңылыктары
Камчы Көлбаевдин асыл тукум жылкылары аукционго коюлат

Камчы Көлбаевдин УКМК аныктаган асыл тукумдуу жылкыларынын жалпы наркы 80 млн сомго жакын. Эми жаныбарлар аукционго коюлат. Топтолгон каражат мамлекеттик казынага түшөрү кабарланды.

Беш кашка аттуу англис тукумундагы айгырдын баштапкы баасы 44 млн сомго бааланууда. Ушул эле тукумдагы Командор айгыры биринчиге салыштырмалуу арзаныраак. Анын баасы 26 млн 400 миң сом. 

Ушул эле кандагы Раушан аттуу айгыр 2 млн 200 миң сом. Англис тукумундагы аттардын мекени Улуу Британия. 1945-жылы Биг Рэкэт аттуу жаныбар саатына 69,62 чакырым ылдамдыкта чуркап, дүйнөлүк рекорд койгонун эске салсак, бул асыл тукумдуу аргымактар шамал менен кошо жарышат.