Жаңылыктар
Бишкек шаарында коомдук коопсуздукка мото кайгуул да көзөмөл жүргүздү
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкек шаарында коомдук коопсуздукка мото кайгуул да көзөмөл жүргүздү

Бишкек шаарында жол кыймылына, коомдук коопсуздукка мото кайгуул да көзөмөл жүргүзүп жатат. Алар жаңы мотоциклдер менен камсыз кылынган. Взводдун кызматкерлери мамлекеттик иш-чараларда кортежди коштоп жүрүүгө жана мотоцикл менен эреже бузгандарга каршы рейд жүргүзүүдө адистешкен.

Даражалуу меймандарды коштоого жана шаарда көзөмөл кайгуул жүргүзүү милдетин аркалаган кызматкерлердин автопаркы жаңыланганына бир ай боло элек. Кытайдан алып келинген мотоциклдерди шаарда экинчи ирет айдап чыгышты.