Жаңылыктар
Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү
Саясат
Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы менен Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү. Иш-чарага Иранды кошуп эсептегенде уюмга кирген 9 мамлекеттин өкмөт башчылары катышты. 

Буга чейин катары менен бир нече жолу аралыктан гана өтүп келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, пандемиядан кийин алгачкы ирет жеке жолугушуу форматында өтүп жатат. Кыргызстанда болуп жаткан жыйындын дагы бир өзгөчөлүгү, уюмдун курамы кеңейип, бул сапар Иран мамлекети толук кандуу мүчө катары биринчи жолу катышууда.