Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарына 146 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарына 146 жыл

Жалал-Абад шаарынын түзүлгөнүнүн 146 жылдыгына карата Мамлекеттик туу көтөрүлүп, Президент Садыр Жапаров калаа тургундарын бул саамалык менен куттуктады. Майрамдын урматына шаар жүргүнчүлөрүн ташуу автобазасынын техникалык паркы жаңыланып, 50 даана автобус жеткирилди.

50 метр бийиктиктеги мамлекеттик туу Жалал-Абад шаарынын көркүнө көрк кошуп турган Аюб-Тоосунун боорунан орун алды. Калаанын 146 жылдык урматына арналган иш-чарада Президент Садыр Жапаров Мамлекетибиздин эгемендигинин эң башкы белгиси болгон байракты бийик желбиретүү, аны көздүн карегиндей сактоо, аяр мамиле жасоо мекендештерибиздин, айрыкча, өсүп келе жаткан муундун мекенчилдик демин күчөтүү болуп саналарын белгиледи.