Жаңылыктар
Трамп чет элдик мигранттарды АКШдан кууп чыгабы?
Дүйнө
Трамп чет элдик мигранттарды АКШдан кууп чыгабы?

АКШ жаңы лидерин аныктап алды. Шайлоонун жыйынтыгы менен республикачыл миллиардар Дональд Трамп 45-президент болду. Шайланган мамлекет башчы тактыга расмий түрдө келерки жылдын 20-январында отурат.

Миллиардер АКШнын экономикасын өзгөчө пландары менен 2 эсеге көтөрө тургандыгы тууралуу убадасын берген. 

Ал үчүн миллиондогон жумуш орундарын түзүп, өлкөнүн инфраструктурасынын жакшыртылышына болгон аракетин жумшай тургандыгын айтканы бар. 

Трамп миграция маселесине өзгөчө көңүл буруп, мигранттардын санын кыскарта турганын билдирген болчу.

Кыргыз-америка мамилелеринин тарыхы жана жаңы  лидердин келиши менен ички жана тышкы саясатында кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Мигранттарга карата өзгөчө чаралар көрүлсө, АКШда күн кечирип иштеп жүргөн мекендештерибиздин тагдыры кандай болот? Кененирээк аудио аркылуу укса болот.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"