Жаңылыктар
Айдоочу этият болуңуз! Төө-Ашууда кар жаап жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоочу этият болуңуз! Төө-Ашууда кар жаап жатат

Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул туурадуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол тескөө кызматкерлери Бишкек - Ош унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана карама каршы тилкеге чыкпоого чакырат.

Ошондой эле ЖКККБ айдоочуларга унаалардын ортосундагы аралыкты сакталышынын зарылдыгын эскертет.