Президент Садыр Жапаров спортчулар Рустамбек уулу Нурадинге жана Амантур Исмаиловго батир берди. Аларга күн мурун Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда Шаар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы батирлердин ачкычтарын тапшырды.
Садыр Жапаров спортчулардын талыкпаган эмгегин баалоо, колдоо - мелдештерде жеңишке жетүү, жаштарды спортко тартууну пропагандалоо максатында жасалып жатканын белгиледи. Улан-кыздар спорттун кайсы бир түрүнөн өлкөнүн желегин эл аралык аренада бийик көтөрүп, даңазалаган чемпион, залкар инсан болууга умтулушса, жакшы болот, деп дени сак болууга үндөдү.