Жаңылыктар
Министрлер Кабинети министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын санын оптималдаштырды
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинети министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын санын оптималдаштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын санын оптималдаштырды.

Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кол койду.

Бул чечимге ылайык 14 аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында министрлердин орун басарларынын жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын 9 штаттык бирдиги кыскартылат.

Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.

Мындай чечим, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын санын кыскартууну караган токтом кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде жетекчинин орун басарларынын саны кыскартылган.

Мындан тышкары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин системалуу уюштуруу максатында Министрлер Кабинетинин бул чечими министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүнү тартипке келтирүүгө багытталган айрым жоболорду карайт.12:10