Жаңылыктар
Жол курууга алынган насыялар ызы чуу менен коштолууда
Коррупция
Жол курууга алынган насыялар ызы чуу менен коштолууда

Кыргызстанда жол курууга алынган насыялар ызы чуу менен коштолуп, жол көйгөйү менен бир катар министрлер иштен алынып келет. Жакында эле Кара-Балта-Бишкек жолуна Азия өнүктүрүү банкынан бөлүнгөн каражат боюнча жөнөкөй тендер дагы оңунан чыкпай дагы бир министрдин иштен алынышы менен аяктады. 

Ал тургай бул тармакты жетектегендердин айрымдарына кылмыш иши козголуп, өлкөдөн качып кеткендери дагы жок эмес. 

Бул өз кезегинде инвесторлорду чоочутарын адистер эскертишет. 

Ал эми Бишкек - Кара-Балта жолу боюнча табышмактуу тендердин жыйынтыгы жакын арада жарыяларын  өкмөт билдирүүдө. 

Депутаттар болсо, өкмөттүн жаңы түзүмүнө бул тармактагы алашемдиктерди токтотуу сунушун  беришти.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"