Жаңылыктар
Ош облусунун аймагына 10 миң жумушчуга ылайыкталган жаңы завод курулмай болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагына 10 миң жумушчуга ылайыкталган жаңы завод курулмай болду

Ош облусунун аймагына 10 миң адам иштей турган ири завод курулат. Бул үчүн Алай менен Өзгөн райондорунун аймагынан жер каралган. Инвестор кытайлык "China Eagle" эл аралык соода компаниясы. Заводду курууга керектелүүчү муктаждыктар, кызматташуунун башка багыттары боюнча Ош облусу менен Кытайдын Кызыл-Суу автономдук облусунун жетекчилери кыргыз-кытай чек арасында жолугуп, сүйлөштү. Ал арада, эки мамлекет ортосундагы экспорт, импортту жогорулатууга максатталган "Достук жолунун" курулушу жүрүп жатат.