Жаңылыктар
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге шахтадагы трагедияга байланыштуу көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге шахтадагы трагедияга байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге Караганда областындагы шахтадагы трагедияга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге Караганда областындагы көмүр кениндеги трагедиядан улам жумушчулары курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

“Бүткүл кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын Караганда областындагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуунун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Орду толгус жоготуунун азабы менен кайгысын тең бөлүшүп, каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүн жана жакындарын кайраттуу болууга чакырып, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат телеграммада.