Жаңылыктар
Израиль Ливанда Мишель Аундун бийликке келишин жактырган жок
Дүйнө
Израиль Ливанда Мишель Аундун бийликке келишин жактырган жок

Ливан "As Safir" гезитинин журналисти Сами Калиб "Хезболла Ауны тандады. Асад  бийликте калды" аттуу макаласын жазып чыкты. Анын айтымында Израиль Ливанда генерал Мишель Аундун бийликке келгенин жактырбай жаткан учуру. Анткени өлкөнүн башчылыгына шайланган христиан дининдеги Аун шиит «Хезболла» уюму менен  келишим түзгөн. Булардын максаты 2017-жылы  Сириядагы согушту токтотуу жана Башар Асадды бийликте калтыруу эле. Дал ушул себептен  Израилдин  армиясынын жогорку кызматтагы офицерлери менен чалгын кызматы “ Моссаддын“ өкүлдөрү Евробиримдик менен Вашингтонго байма-бай  каттай баштады.  Европада  израилдик офицерлер   жакынкы арада Иран менен «Хезболла» коркунуч жаратат жана Сирияда абалдын курчушуна алып келүүдө- деген далилдерин келтирүүдө. Чынында эле, Иран менен “Хезболла уюму Израилдин айыгышкан душмандары" деп автор макаласында баса белгилейт. Израилдин чалгын кызматынын, көз карашында "Хезболланын” мүдөөсү Иран жана Сирия менен өнөктүштүк түзүү. 

Эгерде Сирияда согуш аяктаса, беш жылдык салгылашууларда такшалган «Хезболланын» жоокерлери, үйүнө кайтпай Израилге каршы иш-чараларды уюштурат. Евробиримдик менен расмий Тель-Авивтин ортосундагы сүйлөшүүлөрдө көңүл бура турган кырдаал, Европалыктар Израилдин  өкүлдөрүнө төмөнкүдөй суроо менен кайрылышты: «Хезболла»  иш жүзүндө  Сирияга  сексенден ашык өлкөдөн келген террордук уюмдардын согушкерлерине каршы аеосуз күрөшүп жана бөгөт коюп жатпайбы? Расмий  Тель –Авивтин  өкүлдөрү: Жогоруда сөз болгон  өлкөбүзгө террордук  уюмдар коркунуч жаратпайт.

 

Эң башкысы  — Иран менен  «Хезболла». Израилдин чек араларына жакындап жана алар стратегиялык маанилүү позицияларды көзөмөлдөгөнгө умтулганы тынчыбызды алып жатат деп жооп беришкен. Израилдин саясий чалгыны болгон Моссаддын офицерлери өз  сөздөрүн  далилдеш  үчүн Ливан менен Сириянын ортосундагы чек ара аймактарда асмандан  тартылган аэросүрөттөрүн көрсөтүштү-дейт макаланын ээси. 

Евроибиримдиктин экинчи суроосуна Израильдин чалгынчылары: Ушул абал боюнча Расмий Тель-Авив менен Москва ортосунда мамилелер оңолобу? Бул маселенин негизинде Израиль менен Россиянын мамилеси убактылуу оңолду. Ошол  эле учурда Кремльдин өнөктөшү Тегеран “Хезболлага“ жардамын азайтабы –деп үмүттөнгөнүн жашырган жок. Ливандын жаңы президенти Мишель Аун “Хезболланын“ көмөгү менен шайланган. Булардын максаты - келечекте Мишель Аунды бийликке алып келүү менен Ливандын ичинде жана Сирияда өз кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу. Андан тышкары Аун өлкөнүн армиясын бекемдеп жана анын күчү менен Израилге туруштук бериш керек деген принципти карманат. Ливанда Аунду жактагандар күндөн –күнгө көбөйүүдө. Тель-Авив Сириядагы согушту узак убакытка создуктуруп жана бийликтен Аунду кетиргенге умтулат. Жогоруда айтылган себептерге таянып Израиль Ливанга кол салуусу мүмкүн деп ливандык журналист Сами Калиб макаласын жыйынтыктады.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов. Тааныштырган Замира Нусубалиева, "Биринчи радио"