Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Аброр Хакимов бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Мелдеш Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жатат.
Спортчу Дүйнө оюндарында 71 кг чейинки салмакта катышкан.
Алтын медаль үчүн беттеште франциялык мушкерди жеңип, 1-орунду ээлеген.
Белгилей кетсек, бүткүл Дүйнөлүк оюндар 20-октябрда башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат.
Жалпы 15 спорттун түрүнөн мелдештер өтүүдө.
Кыргызстандын улуттук курама командасы каратэ, самбо, жиу-житсу, грэпплинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышты.