Жаңылыктар
Баткен облусун өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусун өнүктүрүү

"Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2" долбоорунун алкагында 98 ишкерге 86,1 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн жалпы көлөмү 350 млн сомду түзүүдө. 

Эскерте кетсек, Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилген. Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү, жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү.