Жаңылыктар
Президентинин Администрациясында 2023-жылкы Азиянын пара оюндарында жеңишке жеткен кыргызстандык спортчулар куттукташты
Кыргызстан жаңылыктары
Президентинин Администрациясында 2023-жылкы Азиянын пара оюндарында жеңишке жеткен кыргызстандык спортчулар куттукташты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан Ханчжоу (Кытай Эл Республикасы) шаарында өткөн IV Азиянын пара оюндарына катышып жеңиш менен кайтып келген кыргызстандык спортчуларды куттуктады.Белгилей кетсек, Хусан кызы Хайитхон дзюдо боюнча алтын медаль, Жалалдин Абдувалиев жеңил атлетика боюнча күмүш, Жүзбаева Гүлназ жеңил атлетика боюнча коло медаль тагынышкан.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

“Кыргыз эли жана биздин Президент сиздердин пара спортундагы жеңишиңиздер жана ийгилигиңиздер менен сыймыктанат. Паралимпиадалык спорт коомубуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Сиздердин жетишкендиктериңиздер биздин балдарыбыздын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын сергек жашоого болгон кызыгуусун арттырууга чоң түрткү болот. Биздин спортчулар эл аралык аренада өлкөнүн намысын татыктуу коргоп, жыл сайын медалдарды багындырып келишет. Албетте, бул Кыргызстандын ар бир жаранына чоң кубаныч жана сыймыктануу тартуулайт. Биздин спортчулар мындан ары дагы өлкөнүн намысын татыктуу коргойт деп ишенем. Биз мындан ары сиздерди колдоону улантабыз”, - деген МинКаб Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов спортчуларга жаңы жеңиштерди жана рекорддук көрсөткүчтөрдү кааларын кошумчалады.

Биринчи орунга 1 млн 250 миң сом, экинчи орунга 750 миң сом, үчүнчү орунга 500 миң сомдук акчалай сыйлыктардын сертификаттары каралган.