Жаңылыктар
"Акылдуу эсептегичтер" орнотулууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Акылдуу эсептегичтер" орнотулууда

Ысык-Көл облусу боюнча 34 миң абонентке “акылдуу эсептегич” орнотулду. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алдыда дагы 5 миңди коюу күтүлүүдө. 

Эскерте кетсек, бул эсептегичтер реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет, чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт, дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат, эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет. Муну менен катар берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат; коррупцияны жоюуга жардам берет; электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.