Жаңылыктар
Өлкө аймагында 501 имараттын курулуш башталган, аны 204 мектеп
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында 501 имараттын курулуш башталган, аны 204 мектеп

Мындай маалыматты Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков билдирди. Анын айтымында, көп жылдан бери эскирип турган мектептер, балдар бакчалары, маданият үйлөрү, спорт объектилери, таза суу, административдик имараттардын курулуштары жанданып, кызуу жүрүүдө. Быйыл жаңы окуу жылына карата бир күндө 43 мектеп, 5 спорт зал, 3 бала бакча колдонууга берилди. 

Жыл аягына чейин 100 билим уясынын имараты бүткөрүлөт. Муну менен катар ал республика боюнча 451 көп кабаттуу турак үйлөр курулуп жатат. Алардын жалпы аянты 5 млн. 552 миң чарчы метрди түзөрун айтты. Ошондой эле Баткенде быйыл 420 жаңы турак жайдын ачкычы тапшырылганын белгиледи. 2023-жылы социалдык - маданий багыттагы объектилерди курууга мамлекеттик каражаттардан 8,8 млрд. сом бөлүнгөн, аларга республика боюнча 144 объекттин ошондой эле өнөктөштөр линиясы боюнча 73 ар кандай объектилердин курулушун аяктоо каралган. Жылдын аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 80 объекти бүткөрүлөт. 

Бишкек шаарында жаңы Президенттик Администрациянын имаратынын курулушу жүрүп жатат. Өлкө аймагында бир катар заманбап парктар салынып, колдонууга берилди. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Ага ылайык, ипотекалык насыянын жылдык төлөмү мамлекеттик кызматкерлер үчүн 4%, жеке тараптар үчүн 8%га төмөндөп, төлөө мөөнөтү 15 жылдан 20-25 жылга чейин узартылды.