Жаңылыктар
Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Белорусиядагы Элчиси болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Белорусиядагы Элчиси болуп дайындалды

Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Белорусиядагы Элчиси болуп дайындалды. 

Тийиштүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлыкка ылайык, Султанбаев Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. 

Ал 1991-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 2013-жылы Кыргыз-Россия славян университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 

2015-жылы Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясын артыкчылык диплом менен аяктаган.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекетик юридикалык академиясынын магистратурасын бүтүргөн. Эмгек жолун Интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы болуу менен баштаган. 

Андан кийин Кыргызпатенттин төрагасынын жардамчысы, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер жана бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган. 

2016-2017-жылдары Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо, каржы жана кредиттик саясат бөлүмдөрүнүн эксперти. 

Андан кийин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу болгон. 

2019-2020-жылдары Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти, андан соң ошол бөлүмдүн башчысынын орун басары болгон. 

2021-жылдан ушул күнгө чейин Президенттин басма-сөз катчысы кызматын аркалады.