Жаңылыктар
Дары-дармектерди мыйзамсыз саткандарга рейд жүрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Дары-дармектерди мыйзамсыз саткандарга рейд жүрдү

Дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу максатында Бишкектеги Ош базарында текшерүү жүргүзүлдү. 


Рейддик иш-чарага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баш болгон бир топ адистер, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Текшерүүнүн алкагында соода түйүнүндөгү бир нече контейнер дары-дармектер менен медициналдык буюмдарды уруксат кагазы жок сатып жаткандыгынан улам жабылды. 5 контейнердин ээсине кылмыш-жаза кодексине ылайык протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө дары-дармек жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы чечкиндүү күрөшүү зарыл экендигин баса белгиледи. “Себеби жарандардын ден соолугун тобокелге салууга болбойт. 

Мындай медициналык каражаттар кайсыл гана жерде сатылбасын тиешелүү органдар тарабынан мыйзамдуу уруксат берилиши керек жана жарандар үчүн коопсуздугу кепилдениши зарыл” - деди.