"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы Баткен элине арзан баада сата турган 6 көмүр кампасын ачты. Ал биринчи кезекте 2021-2022-жылдардагы чек ара окуяларынын жабырлануучуларына, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилет.
Андан соң катардагы жарандардын да алуу мүмкүнчүлүгү бар. Аймактык кабарчыбыз Максатбек Акылбеков көмүр кампаларынын биринде болуп, тургундар менен баарлашып келген.