Жаңылыктар
Актер Жеки Чан "Оскар" сыйлыгын алды
Дүйнө
Актер Жеки Чан "Оскар" сыйлыгын алды

Атактуу актер Жеки Чан  62 курагында кино искусствосуна кошкон салымы үчүн "Оскар" сыйлыгына татыды. 

"Оскарды" тапшыруу аземи АКШнын Лос-Анжелес шаарында өттү. Аталган сыйлыкты алып жатып актер "200дөй фильмде образ жаратып, бир канча жолку  жаракаттан кийин - бул сыйлык меники болду",- деп тамашалуу оюн айтып өттү.

Жеки Чан – боевиктердин атактуу каарманы. Ал – акробатикалык ыкмадагы  комедиялык жанрды айкалыштырган атактуу азиялык актёр.