Жаңылыктар
Дайыр Орунбеков: Алдамчылардан абайлаңыз!
Кыргызстан жаңылыктары
Дайыр Орунбеков: Алдамчылардан абайлаңыз!

Бул алдамчылык. Ишенбеңиз. Президенттин Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков фейсбука чыгып жаткан видео боюнча билдирүү таратты. 

Анда “акыркы убакта Президент жана анын жакындарынын ысымын пайдалануу менен ар кандай алдамчылык, көз боемочулуктарды уюштуруп, каржылык келишимдерди түзүүнү сунуштаган ыкмалар чыгып жатат. Бул жолу “мусулмандар телеграм каналга катталуу менен үй, машине жана 90 миң сом иштеп жатышат”- деген кезектеги алдамчылык жарыяланды. Мурда жөн гана жарнамаларды берсе, азыр искусственный интеллект аркылуу өлкө башчысынын үнүн дагы окшоштуруп жасап алышууда. Искусственный интеллект аркылуу сүрөт тартып, үн жасап жана кино тасмалар үчүн сценарий, ал тургай чыгарма жазса болоруна күбө болуп жатабыз. Андыктан, президенттин үнү менен монтаждалып жасалган жарнамаларга ишенбөөгө, алданып калбоого чакырабыз. - деген.