Жаңылыктар
Кыргызстанда кызамык боюнча эпидемиологиялык кырдаал курч
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргызстанда кызамык боюнча эпидемиологиялык кырдаал курч

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Жыл башынан бери 3 289 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Эң көп катталгандар Бишкек, Ош шаарларында, Ош облусунда, Чүйдө жана Жалал-Абадда. Окуу жылы башталгандан бери бул оору орто мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин окуучуларынын арасында, эмдөөдөн өтпөгөн балдардын арасында көп катталууда. 

Бишкек шаарында 2 жеке менчик бала бакчада, бир жеке мектепте, Каракол шаарында 1 кызамык оорусу мамлекеттик бала бакчада катталган. Ал эми 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы эки орто мектепте кызамык оорусу катталгандыктан карантинге жабылган. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы атайын комиссиянын чечими менен окуу процесси убактылуу дистанциялык форматта өткөрүлөт. Бардык уюмдарга санитардык эрежелер даярдалып, жетекчилерге токтомдор менен протокол түзүлдү.