Жаңылыктар
Сосновка постундагы оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Сосновка постундагы оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек - Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 31-октябрда аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда саат 13:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.