Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу 7 тилке такталды
Чек ара
Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу 7 тилке такталды

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы талаштуу тилкелер боюнча жолугушуу болду.

Ферганада өткөн өкмөттөр аралык сүйлөшүүдө талаштуу делген 14 участок тууралуу талкуу болуп, анын 7 тилкеси боюнча тараптар орток пикирге келди. 

Өзбекстан тарап сүйлөшүү достук маанайда өткөнүн белгиледи. 

Эскерте кетсек, эки айдан бери байма-бай жолугуп, талаштуу аймактар талкууланып, айрым жерлер боюнча орток пикирге да келишкен. 

Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1378 чакырымга созулат. Анын 320 чакырымы тактала элек.