Жаңылыктар
"Карек" кинофестивалы жыйынтыкталды
Маданият
"Карек" кинофестивалы жыйынтыкталды

Кыргызстанда алгачкы жолу балдар жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылыгына арналган республикалык "Карек" кинофестивалы жыйынтыкталды. 

Салтанаттуу иш-чара, “Манас” кинотеатрында белгилүү кыргыз кино жылдыздарынын, режиссерлердун катышуусунда өтүп, мыкты тасма жараткандар аныкталды. 

Кино сынак “Тарых жана маданият” жылы менен кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналып уюштурулган. 

Анда 6 жаштан 17 жаш куракка чейинки балдар чөнтөк телефондун, планшеттин жардамы менен тасма, анимациялык мультфильмдерди жаратакан. 

Жеңүүчүлөргө статуэтка, диплом жана белектер ыйгарылды. Эң мыкты аталган фильмдер эми эл аралык кинофестивалдарга жөнөтүлөт. Мындан тышкары, жаш киноматографтар республиканын аймагында өздөрү тарткан тасмаларын кинотеатрларда элге көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми 2-балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Карек” кинофестивалына тасмаларды кабыл алуу 2017-жылдын сентябрынан тарта баштаталмакчы.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"