Жаңылыктар
Жумушсуз жарандарга медициналык кароо бекер
Кыргызстан жаңылыктары
Жумушсуз жарандарга медициналык кароо бекер

Мамлекеттик кепилдик программасына өзгөртүү киргизилди

Анын негизинде расмий катталган жумушсуз жарандарга камсыздандырылган жарандар катары медициналык кызмат көрсөтүлөт. Ал үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүндө расмий каттоодон өтүү зарыл. Дарыгердин кеңеши жана анын жолдомосу менен эмдөөдөн өтүүгө, 12 базалык анализдерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүү кымбат баалуу жана жогорку технологиялуу изилдөөлөрдөн тышкары, кошумча талап кылынган лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү бекер колдоно алат. Реабилитациялык жана физиотерапиялык жардамга акы 50% төлөшөт. Үй-бүлөлүк дарыгерден жолдомо болгон учурда расмий катталган жумушсуздар стационардын деңгээлине жараша орто деңгээлдеги кошумча төлөм каралган. Терапевттик профилдеги республикалык стационарларга кассага - 1160 сом, ал эми хирургиялык бөлүмдөргө - 1510 сом төлөйт.