Жаңылыктар
Президент ТМУнун саммитине катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент ТМУнун саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги онунчу саммитине катышуу үчүн 2-3-ноябрда Астана шаарына иш сапары менен барат

Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Саммиттин темасы "TURKTIME" темасында өтөт. Өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат. Иш-чаранын алкагында өзгөчө кырдаалдар, метрология жаатындагы көп тараптуу документтерге кол коюу, Түрк мамлекеттер уюму Транспорттук байланыш программасын ишке ашыруу боюнча Биргелешкен иш-аракеттер планы, Түрк мамлекеттер уюмунда жана Түрк маданияты, мурасы фондунда бир катар кадрдык чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле 6-февралды "ТМУ алкагында кырсыктардын жана тилектештиктин курмандыктарын эскерүү күнү" деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынмакчы.