Жаңылыктар
Нарын: айлык, пенсия көбөйгөнү, турмуш жакшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: айлык, пенсия көбөйгөнү, турмуш жакшырды

Бийик тоолуу Нарын облусунда иштеген мугалимдер менен пенсионерлердин акчасы көбөйгөнү – тиричилиикке кенен жетип, капчыкка бир топ тыгынчык болду дешет

Айрыкча пенсиядагы ата-энеси менен жашаган же экөө тең мугалим болуп иштеген үй-бүлөлөр айына 80-100 миң сом алып баштады. Мурда мал киндиктүү Нарын облусунун жашоочулары жарыбаган айлыктын кесепетинен тиричилик үчүн мал сатса, эми жал-жандык күнүмдүк оокатка эмес, башка чоң керектөөгө жумшалып калганын айтышат.