Жаңылыктар
Ипотекалык насыя сомго которулду
Экономика
Ипотекалык насыя сомго которулду

    Доллар валютасында берилген насыяларды трансформациялоо механизмдери толук аяктады. 1-февралдан тарта банктан доллар менен алынган насыяларды сомго алмаштыруу иштери башталды. Төлөмдү доллар менен ишке ашырган жарандар 20 күндүн ичинде банктарга кайрылышы керек. Доллардын сомго которулушуна байланыштуу насыячылар менен банк ортосунда кайра келишим түзүлмөкчү. Белгилей кетсек, насыяны трансформациялоо президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен ишке ашырылууда.