Жаңылыктар
“Мектептердин шартын жакшыртуу” долбоору
Кыргызстан жаңылыктары
“Мектептердин шартын жакшыртуу” долбоору

Бишкек шаарында “Мектептердин шартын жакшыртуу” долбоору жыйынтыкталып, жигердүү катышуучуларына сыйлык тапшырылды. Программага Билим берүү тармагы менен жарандык коомдун байланышын камсыздап келген фонд көмөк көрсөткөн. 2 жылга созулган долбоордун алкагында 18 мектеп жалпы суммасы 16 млн сомдук ар кандай окуу куралдар менен камсыздандырылган. 

Ошондой эле окуу процессин колдоо жана аралыктан окутууну жеңилдетүү максатында Кыргызстан боюнча атайын тандалып алынган 60 билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасы жакшыртылды. Мындан тышкары долбоордун негизинде 500 дөн ашык ата-эне окутуу программасына катышты.